Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 00:27
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кыргыз тилин сактап калуу – мамлекеттин эң негизги милдети

30.09.2020 20:17
1448
Кыргыз тилин сактап калуу – мамлекеттин эң негизги милдети


Кыргыз маданиятын сактап калууга жана өнүктүрүүгө, калк ичинде, айрыкча жаштар чөйрөсүндө кыргыз тилин колдонууга багытталган программалар мамлекеттик деңгээлде иштелип чыгууга жана колдоого алынууга тийиш. “Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо” партиясы улуттук таандуулукту, анын ичинде тилдик таандуулукту сактап калуу – мамлекеттин эң негизги милдеттеринин бири деп эсептейт.


Ошондой эле эгемендүү мамлекет катары өлкөнүн гүлдөп өсүүсү Кыргызстанда жашаган элдердин достугуна, интернационализмге, ар кайсы этностордун ортосундагы улуттар аралык гармонияга негизделет. Бул мамлекеттик жана расмий макамы Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделген кыргыз жана орус тилдеринин коомдо эркин колдонулушун да камсыздайт.


Улуттук таандуулукту сактоо жана колдоого алуу өтө маанилүү. Ар бир кыргыз жараны өзүн кыргыз эне тилибиз аркылуу гана улут катары тааный алат. Эне тили – ата-бабалардын ыйык мурасы жана аны сактап, келечек муундарга өткөрүп берүү “Биримдик” партиясынын негизги милдетине кирет. Бул максатта кыргыз тилин окуп үйрөнүү иши мамлекеттин турмушунун бардык чөйрөлөрүндө күчөтүлмөкчү.


“Биримдик” партиясы өлкө байлыгы ар бир жаранга пайда алып келиши керек деген ишенимди бекем карманат.


***«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн