Теке 28, 2025
Убакыт: 03:37
USD
87.20
87.70
EUR
101.90
102.90
RUB
1.090
1.130

Кыргыз-түрк кызматташтыгынын алкагында түзүлгөн келишимдерди ишке ашыруу талкууланды

02.02.2022 14:44
1375
Кыргыз-түрк  кызматташтыгынын алкагында түзүлгөн келишимдерди ишке ашыруу талкууланды

КРнын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын вице-президенти Ф.Октайдын башкы кеңешчиси Халил Афшарата менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк Өкмөттөр аралык комиссиясынын (ӨАК) 10-жыйынынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун, ошондой эле аталган ӨАКтын отурумунда кабыл алынган Кыргызстан жана Түркия ортосундагы экономикалык кызматташтык боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк ӨАКнын алкагында бир катар маселелерди чечип, ӨАКтын иш-чаралар планын ишке ашырууну тездетүү боюнча макулдашышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн