Жетинин айы 01, 2024
Убакыт: 13:34
USD
85.65
86.15
EUR
93.20
94.20
RUB
0.880
0.915

Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы мэриянын балансына өттү

15.04.2022 17:32
853
Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы мэриянын балансына өттү

 “Достук” Кыргыз-Түрк ооруканасы Бишкек мэриясынын балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин аракети менен Фучик көчөсү №15/2 дарегинде жайгашкан Түркия премьер-министринин аппаратынын алдындагы Кызматташуу жана координация боюнча түрк агенттигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, КР Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы Долбоордук кызматташуу келишимин ишке ашыруунун алкагында курулган «№1 шаардык клиникалык ооруканасынын аймагындагы оорукананын имараты (эксперименталдык)» муниципалдык менчикке өткөрүлдү. Имараттын жалпы аянты 10037,4 чарчы метрди түзөт.


Белгилей кетсек, оорукана 2017-жылы Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) колдоосу менен курулган.


Оорукана керектүү жабдуулар менен жабдылган жана 72 керебетке эсептелген, анын ичинен 21и реанимациялык керебеттер, ооруканада ангиограф, компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография, маммография, рентген жабдуулары, УЗИ, гастроскоп, эхокардиограф жана башка көптөгөн диагностикалык аппараттар бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн