Бугу 05, 2024
Убакыт: 18:43
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасында аялдар күнүнө карата маммография акысыз жүргүзүлөт

07.03.2022 12:40
474
Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасында аялдар күнүнө карата маммография акысыз жүргүзүлөт

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 7-мартта 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата маммография акысыз жүргүзүлө турган кыргыз-түрк достук ооруканасына барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Өз сөзүндө министр бардык аялдарды алдыдагы майрамы менен куттуктап, аларга ден соолук жана бакубатчылык каалады.


Андан тышкары, республиканын саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүүгө салым кошкону үчүн Түркия өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.


“Бул иш-чара онкологиялык ооруларды алдын алуу жана Кыргызстандын аялдарына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында уюштурулду. Бир жума аралыгында түрк жана кыргыз дарыгерлери биргеликте скрининг жана консультация жүргүзүшөт. Бул акыркы акция эмес, мындай иш-чаралар жыл бою жүргүзүлмөкчү”, - деди Бейшеналиев.


Ведомствонун маалыматына караганда, акысыз кароо алдын ала жазылуу менен 7-11-март аралыгында жүргүзүлөт. Төмөнкү номерлерге чалып, жазылууга болот: 0997 650 000, 0312 650 000.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн