Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:06
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Кыргыз-түрк "Манас" университети дүйнөдөгү мыкты 1000 университеттин катарына кирди

07.09.2022 11:35
656
Кыргыз-түрк "Манас" университети дүйнөдөгү мыкты 1000 университеттин катарына кирди

Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университети “Университеттин үч миссиясы" аттуу окуу жайлардын эл аралык рейтингинин алдыңкы 1000 университеттин тизмесине кирди.


Аталган окуу жайдан кабарлашкандай, рейтингге Кыргызстандан бир гана “Манас” университети кирди.


“Бул рейтинг алтынчы ирет аныкталууда. Тизмеге бир жыл мурда 1 миң 650 жогорку окуу жай кирсе, быйыл алардын саны 1 миң 800гө жетти. Рейтингде 103 өлкөнүн университеттеринин билим, илим жана коом менен иштешүүсү бааланган. “Манас” университети ал тизмеде 935-сапка жайгашты”, - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн