Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон иш сапарынын алкагында жетишилген келишимге ылайык Түркмөнстандан алгачкы жүк келди. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмү билдирди.
Маалыматка караганда, жүк кыргыз-түркмөн ишкерлигин эки тараптуу мамилелерди бекемдөө жана өнүктүрүү катары келген. Жүк учак аркылуу келген. Аны Президенттин аппараттын башчысынын орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алган.
"Түркмөнстандан келишимдин негизинде жүк келди. Бул кыргыз-түркмөн мамилесинин жаңы барактарынын ачылышына себеп болду. Сөздөн ишке өтүү мезгили келди",- деди Касымалиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн