Бугу 05, 2024
Убакыт: 17:55
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргыз улуттук «Манас» театрынын имараты ачылды

14.03.2022 18:50
1883
Кыргыз улуттук «Манас» театрынын имараты ачылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз улуттук «Манас» театрынын имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


«Бүгүнкү күндө 30 жыл аралыгында жетиштүү көңүл бурулбай келген көптөгөн жакшы демилгелер өлкө жетекчилигинин колдоосу аркылуу ишке ашырылууда. Алсак, «Манас» театрына имарат бөлүнүп берилген. Кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын, каада-салтыбызды, элдик оозеки чыгармачылыкты, өзгөчө «Манас» эпосун сактоодо сиздердин салымыңыздар баа жеткис. Апрель айында социалдык тармактагы кызматкерлердин, анын ичинде маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу пландаштырылууда», - деди Акылбек Жапаров жана өнөр адамдарына чыгармачыл ийгиликтерди жана бакубаттуулук каалады.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, өлкөнүн Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты.


Белгилесек, театр 2021-жылдын сентябрь айында «Манас» эпосун, ошондой эле кенже эпосторду жана манасчы, дастанчылардын чыгармачылыгын сактоо жана жайылтуу максатында негизделген. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-февралдагы Жарлыгы менен ага улуттук макамы ыйгарылган.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн