Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 16:05
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

“Кыргыз унаа курулуш” Эгемендүүлүк күнүнө электроавтобустарды чыгарат

28.07.2020 10:00
5963
“Кыргыз унаа курулуш” Эгемендүүлүк күнүнө электроавтобустарды чыгарат


Кыргыз унаа курулуш ишканасы ушул жылдын август айында Кыргызстанда алгачкы жолу электроавтобустарды чыгарып баштайт. Алгачкы электроавтобустар Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдалат.


Заводдун негиздөөчүсү Нурбек Осмоновдун айтымында, Кыргызстан эгемендик алгандан бери ата мекендик унаа куруу тармагы жолго коюлган эмес. Эми өлкөдө алгачкы жолу кыргызстандык адистер тарабынан унаа куруу тармагы жанданууда.


Маалыматка ылайык, Нурбек Осмонов атайын Европанын унаа куруучу заводдорун кыдырып, алардын ишмердүүлүгүн изилдеп чыккан соң, Ош шаарында унаа куруучу завод курган. Бүгүнкү күндө коомдук унаалардын алгачкылары даяр болуу алдында турат. Бул окуя Кыргызстандын тарыхында чоң жетишкендик катары жазылып калары белгилүү.

 

Заводунун жетекчиси Өмүрбек Жолдошовдун билдирүүсүнө караганда, ата мекендик унааларды куруу идеясы Нурбек Осмоновго таандык. Кыргыз унаа курулуш — көп тармактуу завод болуп саналат. Быйыл май айынан баштап иштеп баштаган. Азыркы күндө заводдон гидротрубиналар, генераторлор, насостор жана айыл чарба тармагына тиешелүү тетиктер, жеңил жана оор өнөр жайга тиешелүү шаймандар чыгарылат.


Ал эми ишкананын негизги максаты — ушул заводдон электроунааларды, электроавтобустарды чогултуп, чыгаруу.


Азыркы күндө электроавтобус чогултулуп жатат. Өзүбүздүн конструктордук бюробузда инженерлер бардык жагын тууралап, долбоорлорун өзүбүз жасаганбыз. Кудай буюрса ушул жылдын август айында биринчи электроавтобус даяр болот. Биринчи электроавтобусту 31-август — өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө элге кубаныч тартуулоо максатында чыгарганы турабыз. Буюрса электроунаа куруу иштери да жүрүп жатат, - деген жетекчиси Өмүрбек Жолдошов.


Мындан сырткары “Кыргыз унаа курулуш заводу 2022-жылы электроунааларды чыгарууну көздөп жатат. Дал ошол жылдан тартып электроунаалар Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөргө, коңшу мамлекеттерге экспорттоло баштайт.


Учурда заводдо 500дөй адам иштейт. Экинчи этап боюнча электроунааларды чогултуучу завод курулат. Ал жакта 4 миңден 5 миңге чейин жумуш орунун каралган. Ага кошумча жөндөмү бар 20 баланы тандап, жарымы Чехияда, жарымы Германияда окуп жатат. Алгачкы 2 студент окуусун бүтүп келишкен.





Пикирлер (7)

Коопсуздук коду
Калан Каналиев
Ийгилик каалаймын .
Омурзаков Алмазбек
Ишинерде ийгиликтер болсун!!!!