Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:11
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кыргыз, Өзбек парламент төрага орун басарлары чек араны кылдат чечүүнү белгилешти

05.06.2020 10:01
1003
Кыргыз, Өзбек парламент төрага орун басарлары чек араны кылдат чечүүнү белгилешти


Жогорку Кеңеш менен Өзбекстандын Олий мажлисинин ортосундагы кызматташтык бекемделе берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрага орун басары Мирлан Бакиров менен Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрага орун басары Содик Сафоевдин онлайн режимде өткөн баарлашуусунда айтылды.

 

Эске салсак, 2017-жылдын 5-сентябрында парламенттер аралык кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлуп, Жогорку Кеңеш менен Олий Мажлистин ортосунда кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссия түзүлүп иштей баштаган. Аталган комиссиянын тең төрагалары болгон вице-спикерлер негизинен мына ушул парламенттер аралык комиссиянын буга чейинки иштеринин жыйынтыктары жана мындан аркы иштерин улантуунун башкы багыттары боюнча пикир алмашты.

 

Кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын 3-жыйынын уюштуруу Олий Мажлистин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаеванын Кыргызстанга боло турган иш-сапары боюнча айрым маселелерди тактоого алышты.

 

Ошону менен катар эле тараптар чек ара маселелерин кылдат, эки бир тууган элдин ынтымагына шек келтирбей чечүү керектигин белгилешип, туруктуулук менен тынчтыктын маанилүүлүгүнө басым жасашты.

 

Андан сырткары, онлайн баарлашууда парламенттер аралык байланыштарды мындан ары дагы бекемдөө, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды өнүктүрүүнүн зарылдыгы туурасында да кеңири сөз болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн