Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:03
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Кыргыз-Өзбек премьер-министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

23.05.2020 18:49
1026
Кыргыз-Өзбек премьер-министрлери телефон аркылуу сүйлөштү


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын Өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, сүйлөшүү учурунда эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланган. Анын ичинде республикалардагы коронавирус инфекциясы боюнча жагдай, анын жайылышына жол бербөө максатында көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасына байланыштуу маселелер талкууланган.


Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстан Өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 1-майынан 31-декабрына чейин цементти импорттоого киргизилген чектөөлөрдү алып салуу мүмкүндүгүн карап чыгуу өтүнүчүн билдирген.


Өз кезегинде кыргыз тараптын өтүнүчүн эске алуу менен 22-майда Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов 23-майдан тарта Өзбекстанга цемент ташууну жандантуу жөнүндө токтомго кол койгон.


Мындан тышкары тараптар эки тараптуу кызматташуунун бардык актуалдуу маселелери боюнча ыкчам маалымат алмашуу тууралуу макулдашышкан. Учурда коңшу өлкөдөн импорттолгон азык-түлүк жана башка товарларды ташуу штаттык режимде тоскоолдуксуз жүрүп жатканы кабарланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн