Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 17:19
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргыз жарандары Казакстанга ID паспорт менен кире албайт

06.03.2020 12:55
771
Кыргыз жарандары Казакстанга ID паспорт менен кире албайт


Казакстандын мамлекеттик чек арасынан өтөм деген кыргыз жарандарына коңшу өлкө убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу 6-мартта өткөн маалымат жыйында тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдырахманов айтты.


Анын маалыматына караганда 5-март күнү кечинде казак тарап 8-марттан баштап өз аймагына Кыргызстандын жарандарына ID-карт жана 16 жашка толо элек балдарды туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен кирүүгө тыюу саларын билдирген.


Бул чечимдер коронавируска байланыштуу кабыл алынган жана убактылуу гана экенин Абдырахманов кошумчалады.


“Казакстан менен чек ара толугу менен жабылбайт. Чектөөлөр ички паспорт менен өтүүгө гана коюлду. Жалпы жарандык  паспорт менен өтүү керек болот”, - дейт Абдырахманов.


Ал эми Кыргызстан учурда чектөөлөрдү киргизбей турганын, короновирус илдеттинин коңшу мамлекеттеги абалына карата чечим кабыл алынарын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн