Бугу 14, 2024
Убакыт: 02:08
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Кыргыз жараны 103 миң долларды өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган

06.12.2023 15:39
196
Кыргыз жараны 103 миң долларды өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган


Кыргызстандык жаран 103 миң 200 АКШ долларын өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган. Бул тууралуу КР Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-декабрда "Достук-автожол" көзөмөл өткөрүү жайынын чек арачылары чек арадан акча каражатын мыйзамсыз алып өтүү фактысына бөгөт коюшту.

"Болжол менен саат 09.35де “Достук-автожол” өткөрүү жайына 37 жаштагы К.А. аттуу Кыргызстандын жараны келген. Чек ара көзөмөлүнөн өтүү учурунда ал жарандын жанынан чет элдик валютадагы акча табылган. Табылган акчанын жалпы суммасы 103 миң 200 АКШ долларын (9 млн 217 миң 276 сом) түзгөн", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жогоруда аталган жаран валютаны бажы мыйзамын кайгып өтүп, акча каражаттарын декларациядан өткөрбөй туруп алып өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаран жана акча каражаттар андан аркы териштирүү иштери үчүн компетенттүү органдарынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Эскерте кетсек, Кыргызстандан чет элдик валютаны накталай алып чыгууга убактылуу тыюу салынган:
- резидент эместерге жана чет өлкөлүк жарандарга 5 миңден көп накталай АКШ доллары суммасында;
- КР жарандарына жана резиденттерине 10 миңден көп накталай АКШ доллары суммасында.

КР жарандары жана резиденттери 10 миңден көп АКШ доллары суммасында накталай АКШ долларын алып чыккан учурда, белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10% өлчөмүндө төлөм алынат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн