Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 05:06
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Кыргыз жигит Москвада орус жаранын уруп кармалды

17.02.2021 19:39
973
Кыргыз жигит Москвада орус жаранын уруп кармалды

Москвада жаш жигитке кол салган деген шек менен жапон ресторанында  курьер болуп иштеген кыргыз жараны  кармалды. Бул тууралуу Россиянын ЖМКлары жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, окуя 2021-жылдын 17-январында Талалихин көчөсүндө болгон. «Жапон ресторанында курьер болуп иштеген 22 жаштагы кыргызстандык 24 жаштагы москвалыкка кол салган. Кар тазалоочу щетканы курал катары колдонуп, шектүү каршылашынын башына урган. Натыйжада, жабырлануучу баш сөөгүнөн жаракат алган», - деп айтылат билдирүүдө.


16-февралда оперативдик кызматкерлер курьердин кол салууга тиешеси бар экендигин далилдешкен, ал күнөөсүн мойнуна алган. Ден-соолукка атайылап бир аз зыян келтирүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Соттолуучу өлкөдө чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн