Теке 09, 2024
Убакыт: 02:17
USD
85.70
86.60
EUR
92.50
93.50
RUB
0.960
1.000

Кыргыз журналистикасы оор жоготууга учурады

17.04.2021 13:55
2087
Кыргыз журналистикасы оор жоготууга учурады

 

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын кызматкери Майрамбек Тойгонбаев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу социалдык тармактарда кабарланды.


Алдын ала маалыматтар боюнча, ал оорудан улам бүгүн, 17-апрелде каза тапкан.


Майрамбек Тойгонбаев Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Большевик айылында 1987-жылы 29-апрелде туулган.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун Журналистика факультетин аяктаган. Кесиптик ишмердүүлүгүн КТРКда баштап, кабарчы, "Шок-факт" телеберүүсүнүн алып баруучусу болуп иштеген. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз катчысы болгон. Акыркы мезгилде Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын ТВ тармагында иштеп, сектор башчы болуп жүргөн. 

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы болчу.


Өз кезегинде “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигинин жамааты маркумдун жакындарына, кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Аманова Замира
Абдан өкүнүчтүү ,жакшы инсандарды жоготуу.Эмне болуптур э.