Бугу 08, 2024
Убакыт: 04:41
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

«Кыргызалтын» ААК 50 кычкылтек концентраторун аймактарга жөнөтөт

06.08.2020 15:35
983
«Кыргызалтын» ААК 50 кычкылтек концентраторун аймактарга жөнөтөт


«Кыргызалтын» ААК коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө жигердүү жардам көрсөтүүнү улантууда. Бул тууралуу аталган компаниянын төрагасынын орун басары Нурдин Канымбетов билдирди. 


Анын айтымында, «Кыргызалтын» ААК 50 комплект кычкылтек концентратын өткөрүп берет, алар республиканын аймактарындагы ооруканаларга бөлүштүрүлөт.


Концентраттардын жалпы баасы 1 миллион 909 сом. Бардык шаймандар бекитилген тизмеге ылайык бөлүштүрүлөт. Концентраттардын көпчүлүгү Тогуз-Торо районуна, Нарын жана Ысык-Көл облустарына жөнөтүлөт. Калган кычкылтек концентраттары Кара-Балта шаарындагы жана Чүй облусунун Кемин районундагы ооруканаларга бөлүштүрүлөт.

 

"Компания буга чейин шашылыш түрдө өтө муктаж болгон ооруканалардын жана стационардык ооруканалардын мониторингин жүргүзгөн. Жакынкы аралыкта бардык шаймандар өз дарегине жеткирилет. Биздин жардамыбыз биздин доктурларга адамдын өмүрүн сактап калууга жардам берет деген үмүттөнөбүз", - деди Н.Канымбетов. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн