Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 20:14
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Кыргыздын 53 акынынын чыгармалары түрк тилине которулду

06.07.2022 16:48
1400
Кыргыздын 53 акынынын чыгармалары түрк тилине которулду


Кыргыздын 53 акынынын чыгармалары камтылган "Кыргыз поэзия антологиясы" китеби кыргыз-түрк тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.

Анын айтымында, китепти түрк тилинде ТҮРКСОЙ эл аралык уюму менен Евразия жазуучулар биримдиги чыгарган.

"Түрк тилине которулган "Кыргыз поэзия антологиясында" Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматов, Эрнис Асек уулу, ошондой эле эң жаш акын Максат Жангазиев, Афина Бакирова, Мелис Маматжановдун ырлары бар", — деп жазган ал.

Мындан тышкары, Айтматовдун чыгармаларындагы мифологиянын орду жөнүндө "Чыңгыз Айтматов жана мифология дүйнөсү", акын Жолон Мамытовдун чыгармачылыгына арналган "Жолон Мамытов" аттуу китеп да түрк тилине которулган.

Китептердин бет ачары Түркияда да, Кыргызстанда да уюштурула турганы кошумчаланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн