Жалпы кыргыз элин оозго алгыс сөздөр менен тилдеген видеосу таркаган Даниэл Ажиев Ички иштер министрлигине жеткирилип 2 күнгө камакка алынды. Бул тууралуу редакцияга өздүк булактар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Даниэл Ажиев абакка киргизилгенден кийин бир нече анализдерди тапшырган. Анын жыйынтыгы менен баңгизатын колдонуп жүргөнү белгилүү болгон.
Эскерте кетсек, буга чейин Даниэл Ажиев коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам элге азык-түлүк таратып жаткан видеосун жарыялаган.
Пикирлер (7)