Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызга күйгөн жан барбы?

17.05.2021 16:28
1766
Кыргызга күйгөн жан барбы?


Тажикстандын азыр Лахш деп аталып калган Жерге-Тал районундагы этникалык кыргыздардын кыйласы Баткендеги алааматтан кийин кыйын абалда калды. Биздин ички иштер органдары менен чегара кызматындагылар ушундай күндөрдө боордоштук мамилесин сездирсе жакшы болмок...

Кечээ бир классташым телефон чалды. Өзү бул жакта жашайт, убактылуу каттоого турган. Аялы 2-топтогу майып экен. Уулу, келини, 4 небереси менен каттоодон чыкты деген маалымкат алып, Тажикстандын постунан өтүп келсе, биздин чегарадагылар өткөрбөй коюптур, Кыргызстандын жарандары эмессиңер деп.

Кыргыз жараны болсо да, Тажикстанда жашаган, тескерисинче, бул жакка келип алса да, тажик паспорту менен жүргөн кыргыздарга таӊ калгандар чыгат, албетте. Себебин билбегендер жаман көрүшү да ыктымал. Бирок алардын көпчүлүгү аргасыз ушундай абалда жүрүшөт.

Карыган ата-энеси кетпейбиз, өлсөк сөөгүбүз ата-бабалардын бейитинде көмүлсүн деп кала бергендери бар. Кыргыз жарандыгын алган болсо да, бирден-экиден балдары кайра барып, кол кабыш кылат. Көбүнчө ошол жакта жашап, Кыргызстандагы туугандарынан 2-3 жылда кабар алып турушат. Балдары тарыхый мекенге кетели дейт, карыялар туулган жердин топурагын кыя албайт...

Кыргызстанга келгенге мүмкүнчүлүк таап, бул жакта иштеп, тияктагыга салыштырмалуу кыйналбай жашагандардын арасында биздин республиканын жарандыгын ала электери да бар. Алар иш жүзүндө эмгек мигранттарындай абалда – иштеп тапкан акчасын алыста калган ата-энесине, айрымдары өзүнүн эле аялына, балдарына жиберип турат.
Балдарынын көбү биротоло көчүп келип, кыргыз жарандыгын алган болсо, алардын ата-энелери бул жакта убактылуу жашап, анан кайра эле сагынган жерине жол тартат...

Бирок эми арасат жүрө бербей, бир жаӊсыл баарыбыз кыргызстандык бололу деп чечкендердин кыйласы Жерге-Талдагы үйлөрүн сата элек. Соӊку жарым жылдан бери, айрыкча Баткендеги согуштан кийин бул өтө кыйын болуп калды. Эгер Тажикстандын жарандыгынан чыкса, ал жактагы тамын этникалык кыргыздар такыр эле сата албайт.
Эми ушундай арасат абалда калган кыргыздарга кыргыз бийлиги кандай мамиле жасайт?..

Жолдош Турдубаев, коомдук ишмер
Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн