Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 12:22
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Кыргызгидромет билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаевага жооп берди

13.12.2023 16:59
343
Кыргызгидромет  билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаевага жооп берди


Кыргызгидромет катуу суук болорун 5-декабрда кабарлап, шашылыш билдирүү тараткан. Андыктан билим берүү министринин "суук болорун кеч билгендиктен мектептерди онлайн-окууга өтүү буйругу кеч чыкты" дегени чындыкка дал келбейт. Мындай билдирүүнү Кыргызгидромет таратты.


ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология кызматы кооптуу табигый кубулуштарды алдын ала болжолдоо боюнча иш жүргүзгөн маанилүү мамлекеттик орган экенин белгиледи. Анын негизги милдеттеринин бири — аба ырайы кандай болорун божомолдоп, элди кабардар кылуу.


"5-декабрь күнү Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратып, 9-14-декабрь күндөрү катуу суук болорун маалымдаган. Андан кийин 12-декабрь күнү билдирүү кайталап чыгарылган. Аба ырайынын божомолу бардык мамлекеттик органдарга жана ЖМКларга таратылып, телеканалдардан да айтылган. Бирок билим берүү министри фактыларды көз жаздымда калтырып, Кыргызгидромет маалыматты өз убагында берген жок деди. Мындай негизсиз билдирүүлөр коомчулукту адаштырып, Кыргызгидрометтин кадырына шек келтирүүдө", — деп айтылат мекеме тараткан билдирүүдө.


Эскерте кетсек, бүгүн министрлик Кыргызстандагы мектеп окуучуларын аралыктан окууга өткөрүү буйругун чыгарып, эртең мененки сменада окуган балдар мектепке барган соң кайра үйлөрүнө кайтарылган. Буга коомчулук арасында нааразычылык жаралып, сын айтылган. Андан соң Билим берүү министрлиги маалымат жыйын өткөрүп, министр Догдуркүл Кендирбаева эмне үчүн буйрук кеч чыкканы тууралуу суроого "Кыргызгидрометтин маалыматы кеч келди" деп жооп берген.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн