Бугу 20, 2024
Убакыт: 00:40
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызгидрометеорология боюнча агенттиги оор жоготууга учурады

01.07.2020 20:03
1147
Кыргызгидрометеорология боюнча агенттиги оор жоготууга учурады



Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиги оор жоготууга учурады. 60 жашка караган курагында ӨКМдин ардактуу кызматкери, Гидрометеорлогия боюнча агенттигинин Нарын гидрометеорология борборунун башчысы Иманбаев Анварбек Шадыканович дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Бул тууралуу Министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.

 

 

Анварбек Шадыканович 1960-жылдын 25-сентябрында Нарын облусунун Нарын районунундагы Миң-Булак айылында туулган. Ташкент гидрометеорологиялык техникумун аяктаган соң 1983-жылдан тартып Кыргызгидрометте эмгектенип келген. Алгач метеоролог, гидролог кызматтарында, ал эми 1994-жылдан тартып Нарын гидрометеорология борборун жетектеп келген.

 

Анварбек Иманбаев ак эмгегинин натыйжасында көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.

 

Кесиптешибиз өз элинин мекенчил уулу, чынчыл, боорукер жана эмгекчил инсан эле. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат. Артында калган жубайына, уул-кыздарына терен кайгыруу менен көңүл айтабыз”, - деп белгиледи басма сөз кызматы.

 

З.М.Аскаров, А.М.Мамбетов, Д.К. Алимбеков, К.О.Ахматов, Р.Р.Рысбаев, Б.Дж.Оторбеков, А.Т.Бекилов, А.Ж.Раманкулова, Асанбай кызы М. жана Кыргызгидрометтин жамааты.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн