Бугу 03, 2024
Убакыт: 20:24
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кыргызгидрометте коронавирустан каза болгон үч кызматкер эскерилди

30.07.2020 16:48
933
Кыргызгидрометте коронавирустан каза болгон үч кызматкер эскерилди


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиги, коронавирус илдетинен каза болгондорду эскерүү иш-чараларын өткөрдү.


Аталган ведомствонун маалыматына караганда,  иш-чаранын жүрүшүндө агенттиктин директору Абдишарип Бекилов сөз сүйлөп, пандемия бизде эле эмес дүйнөдө да көптөгөн өмүрлөрдү алып кетип жатканын, бул илдетти биз биримдикте, ынтымакта жеңерибизди белгиледи. Ошондой эле, илдеттен каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, бул илдет агенттиктин да кызматкерлерин арабыздан алып кеткенин белгиледи.


Илдеттен улам каза болгон кызматкерлер: 


- Итибаев Зарылбек Сагындыкович - Кыргызгидрометтин мурдагы директору Итибаев Зарылбек Сагындыкович 57 жашында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. 2009-жылдын 8-июлунан 2019-жылдын 18-мартына чейин ӨКМдин Гидрометеорология боюнча агенттигин жетектеп келген.


Иманбаев Анварбек Шадыканович – Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ардактуу кызматкери, Гидрометеорология боюнча агенттигинин Нарын гидрометеорология борборунун башчысы 60 жашында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Анварбек Шадыканович Ташкент гидрометеорологиялык техникумун аяктаган соң, 1983-жылдан тартып Кыргызгидрометте эмгектенип келген. Алгач метеоролог, гидролог кызматтарында, ал эми 1994-жылдан тартып Нарын гидрометеорология борборун жетектеп келген.


Илияс уулу Рысбек - Кыргызгидрометтин II баскычтагы «Токмок» метеорологиялык станциясынын башчысы 59 жашында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Ал эми 2009-жылдан бери Кыргызгидрометтин II баскычтагы «Токмок» метеорологиялык станциясын жетектеп келген.


Агенттиктин каза болгон кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнөн кабар алынды. Жалпы бул илдеттен каза болгондорго бир мүнөттүк эскерүү болуп, аларга багышталып куран окулду.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн