Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызгидрометтин мурунку директору Зарылбек Итибаев дүйнөдөн кайтты

20.07.2020 16:12
923
Кыргызгидрометтин мурунку директору Зарылбек Итибаев дүйнөдөн кайтты

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин мурдагы директору Итибаев Зарылбек Сагындыкович дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.  Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, Зарылбек Итибаев бүгүн, 20-июлда 57 жашка караган курагында каза болду.  


Зарылбек Итибаев 1963-жылдын 20-апрелинде Сузак районундагы Октябрьское айылында туулган.


1983-1989-жылдары Фрунзедеги политехникалык институтунун "Автомобиль транспортун эксплуатациялоо" адистигин аяктаган, 1993-1996-жылдары Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин “Юриспруденция” адистигин аяктаган.


2009-жылдын 8-июлунан 2019-жылдын 18-мартына чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигин жетектеп келген.


Зарылбек Итибаев ак эмгегинин натыйжасында көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. Артында калган жубайына, уул-кыздарына терең кайгыруу менен З.Аскаров, А.Мамбетов, Д.Алимбеков, К.Ахматов, Р.Рысбаев, Б.Оторбеков, А.Бекилов, А.Раманкулова, Асанбай кызы М. жана Кыргызгидрометтин жамааты көңүл айтат. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн