Бугу 21, 2024
Убакыт: 04:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Киргизилген чектөөлөргө карабай айрым тургундар көчөлөрдө ээн-эркин жүрөт

26.03.2020 15:29
736
Киргизилген чектөөлөргө карабай айрым тургундар көчөлөрдө ээн-эркин жүрөт


Киргизилген чектөөлөргө карабай Бишке шаарында айрым тургундар  көчөлөрдө ээн-эркин жүрөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүн, 26-мартта маалымат жыйында кабарлады.


Анын айтусуна караганда шаарда элдер чогулуп алып жүргөн жагдайлар катталууда.


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму биздин өлкөлөрдү өзүн-өзү изоляциялоо сактабай турганын айтты. Үй карантинди сакташ керек, илдетти дарылоого бул чоң жардамыңар болот. Киргизилген чектөөлөргө карабай айрым тургундар көчөлөрдө ээн-эркин жүрөт. Бүгүнкү күндө үйдө отуруп, тартипти сактоо негизги максат экенин эстен чыгарбайлы”, - деди Акматова.



Белгилей кетсек, буга чейин жалысынан 44 адам вирусту жуктурганы аныкталган. Алар Ноокат, Сузак, Кара-Суу райондорунда, Баткен облусунда жана Бишкек шаарында катталган. Учурда жуктуруп алгандардын бардыгы өзү жашаган аймактардагы жергиликтүү ооруканаларда дарыланып жатышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн