Бугу 10, 2024
Убакыт: 18:22
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызыстан Азия оюндарында медалдардын саны боюнча жаңы рекорд жаратты

07.10.2023 13:52
1487
Кыргызыстан Азия оюндарында медалдардын саны боюнча жаңы рекорд жаратты


Кыргызстан Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында жаңы рекорд жаратты. Муну спортчулар алган байгеден улам айтууга болот.


Учурда курама команданын капчыгында төрт алтын медаль бар. Аны балбандар Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айпери Медет кызы жана дзюдочу Эрлан Шеров алып берди.


Азия оюндары уланууда. Бүгүн эркин күрөштүн балбандары күч сынашат.


Мурдагы рекорд 2018-жылы коюлган. Анда балбан Айсулуу Тыныбекова, жөө күлүк Дарья Маслова жана жиу-житсучу Төрөхан Багынбай уулу Азия оюндарынын чемпиону болгон.


Аталган оюндан Кыргызстанга алгачкы алтын байгени 2002-жылы узундукка секирүү спортунан Татьяна Ефименко алган. 2010-жылы балбан Данияр Көбөнов тарыхты кайталаган.


Жалпысынан Азиададан 9 медаль болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн