Бугу 20, 2024
Убакыт: 04:44
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

«Кыргызнефтегаз» боюнча кутулган Пирматов «Кумтөр» боюнча тутулдубу?

04.06.2021 11:01
2057
«Кыргызнефтегаз» боюнча кутулган Пирматов «Кумтөр» боюнча тутулдубу?


«Кылым аферасы» атыккан «Кумтөр» долбоорундагы көз боемочулуктар, Кыргызстандын кызыкчылыгын тебелеп-тепсөөгө жол берген жагдайлар узак жылдардан бери сөз жүзүндө айтылып келсе, эми алар иш жүзүндө ачыктала турган доор келди окшойт. Жакындан бери аталган алтын кени боюнча түзүлгөн келишимдердеги коррупциялык элементтерге шектелип бир катар чиновниктер, депутаттар, экс-депутаттар камалды. Алардын катарында жакында эле депутаттык мандатын тапшырган Исхак Пирматов дагы бар. Албетте, анын «Кумтөргө» байланыштуу коррупцияга кандай тиешеси бар же жок экенин соттук териштирүүлөр иликтеп, тыянагын чыгарат. Бирок, анын буга чейинки ишмердүүлүгүндө «Кумтөрдөн» башка да ызы-чуулу жагдайлары бар экени белгилүү. 


Мисалы, Исхак мырзага 2008-2010-жылдары «Кыргызнефтегаз» ААКсын жетектеп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айыптоо менен 2012-жылы Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон эле. Ошондогу айтылган маалыматтарга караганда, 2009-жылы жана 2010-жылдын биринчи кварталында «Кыргызнефтегаз» ААКсынын жетекчилиги «Кыргызмунай» ЖЧКсынын кызматкерлери менен өз ара сүйлөшүүгө барып алышып, нефти продукцияларын арзан баада сатышкан. Анын айынан келтирилген чыгымдын суммасы 100 миллион сомду түзгөн. Бирок, 2012-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Пирматовду жоопко тартуу боюнча Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырбай коюшкан эле. 


Айрым маалыматтар боюнча бул кылмыш иши өткөн 2020-жылдын октябрында кайрадан жанданган. Ошол убактарда маалымат жыйынын өткөргөн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаттарынын бирине кылмыш иши бар экенин айтып, ал мамлекетке ири суммада акча тлөп баштаганын билдирген. Бирок, депутаттын аты-жөнүн атаган эмес. Кыязы, Исхак Пирматов «Кыргызнефтегазды» башкарып тургандагы коррупциялык иши үчүн мамлекетке ири суммада акча төлөп берсе керек. 


Бул экс-депутаттын өмүр-таржымалына көз чаптырсак, ал жогорку билимге ээ болгондугу тууралуу дипломду биринчи жолу 27 жашында колуна алган. 1995-2005-жылдар аралыгында курулуш жана коммерция багытындагы компанияларды жетекчи болуп иштегендиги көрсөтүлгөн. Бирок, кайсыл компаниялар экени айтылган эмес. 


Анан 2005-жылы «Кыргызнефтегазга» алгач Маркетинг жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп келип, бир жылдан кийин ал башкармалыктын жетекчиси болгон. Ал эми 2008-2010-жылдары «Кыргызнефтегазды» толугу менен башкарган. Анан 2010-жылдан тарта чоң саясатка аралашып, адегенде «Республика» партиясы аркылуу парламент депутаты болот. Кийин «Бир Бол» партиясына өтүп кетет. 


2016-жылы Исхак Пирматовдун жубайы Ольга Атогурова менен ошол кездеги Бишкек мэри Албек Ибраимовдун жубайы Айнура Ибраимова экөө ТМ-ORLAN & Group деп аталган ишканага ээлик кылышаары ачыкка чыккан. Парламенттеги «Ата-Мекен» фракциясынын депутаттары бул ишкана авиамайларды дүңүнөн сатуу менен иш жүргүзүшөөрүн айтышкан. Бирок, Пирматов ошондо да актанып чыккан. Анын айтымында, бул ишкана авиамай ташуу менен алектенбейт. Болгону Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өткөрүп жатканда кандайдыр бир жол менен «авиамай ташуу менен алектенет» деп жазылып калган экен дегендей кылган. Кантип эле «кандайдыр бир жол менен» жазылып калаарын коомчулук азыркы күнгө чейин түшүнбөй келет. 


Мындан сырткары Пирматовдун аты мурунку президент Курманбек Бакиевдин жана анын жакындарына таандык болгон, күмөндүү жагдайларда сатылып кеткен мүлктөрүнө байланыштуу айтыла калып жүрөт. 


Айтор, бүгүнкү күндө 48 жаштагы экс-депутаттын ишмердүүлүгүндө ызы-чуулу жагдайлар жетиштүү. Буга чейин ал кылмыш иштеринен «жең ичинен сүйлөшүп алуулар» менен кутулуп келди. Эми мындан аркы тагдыры кандай болоруна коомчулук да саресеп салып турат.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн