Кыргызпатент автордук сыйакыларды төлөө ишин жандандырды. Бул тууралуу Интелектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызпатент авторлорду, композиторлорду, аткаруучуларды колдоого аракеттенип, өз учурунда гонорарларды төлөп берүүнү колго алат.
Ал эми буга чейинки айда гонорарлардын төлөнбөгөнү белгилүү себептерден улам экени айтылат.
Ошондой эле, мекеменин кызматкерлери аралыктан иштөө шартына өтүшкөн. Автордук сыйакыларды төлөп берүү этап менен жүргүзүлүп, эки айдын ичинде авторлордун сыйакыларын банктык эсепке которууга аракеттенишерин билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн