Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 22:14
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кыргызпатент гонорар берүү үчүн ырлардын авторлорун издейт

29.07.2022 14:06
1206
Кыргызпатент гонорар берүү үчүн ырлардын авторлорун издейт


Кыргызпатент чыгармалары телерадиокомпаниялардын эфиринде пайдаланылган авторлорду жана аткаруучуларды издейт. Анткени, байланыш маалыматы жок болгондуктан аларга төлөнчү сый акы бөлүштүрүлбөй калууда.

“Эгер сиз өзүңүздү бул тизмеден тапсаңыз Кыргызпатентке кайрылыңыз”, - деп айтылат маалыматта.

Сый акыны алуу эмне кылуу керек:

1. укуктарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүү жана эмгектерин каттоо;

2. автордун же аткаруучунун каттоо баракчасын толтуруу;

3. паспорттун көчүрмөсүн берүү;

4. Банкта эсеп ачуу жана гонорарды которуу үчүн эсептин көчүрмөсүн берүү.

Кыргызпатент менен келишим түзүүгө жана гонорарларды төлөөгө байланыштуу бардык маселелер боюнча каттоо жана автордук сый акыларды бөлүштүрүү бөлүмүнө кайрылуу зарыл. Тел.: 0(312) 68-00-86; 0(555) 778-151; 0(550) 778-590; 0(550) 778 208

Эскерте кетсек, аталган тизмеде Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев бар. Эске салсак, ал “Судьбе назло” аттуу музыкалык альбомун чыгарган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн