Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 05:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстан "Airbus A220" үлгүсүндөгү жаңы "Каганат" аттуу учактуу болду

26.04.2021 14:37
955
Кыргызстан  "Airbus A220" үлгүсүндөгү жаңы "Каганат" аттуу учактуу болду

"Эйр Манас"жеке авиакомпаниясы Кыргызстанга "Airbus A220" тобундагы жаңы үлгүдөгү учак алып келди жана ага "Каганат" деген ысым ыйгарылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.


Мындай жогорку үлгүдөгү авиалайнерди эксплуатацияга алуу Кыргызстан үчүн өтө маанилүү иш-чара. Анткени акыркы жылдары жарандык авиация аксап жаткандыктан тоскоолдуктарды жеңүүгө аракет кылып келет. Элдин да сапаттуу авиациялык тейлөөгө муктаждыгы күн санап өсүүдө",- деп жазылат маалыматта.


"Airbus" учагын башкарууну үйрөнүү үчүн "Эйр Манас" компаниясынын экипажы жана техникалык кызматкерлери Германиядан окуп келишкен.


Маалыматка ылайык, 2021-жылы авиакомпаниянын паркы "А220-300" учагы менен толукталат. Аталган учактын салону бир класстуу үлгүдө жасалып, 145 орунга ылайыкташкан.


"А220" тобундагы учактар күйүүчү майды 25% чейин үнөмдөйт. Добушу 50% басаң жана азот кычкылын нормадан 50% аз бөлүп чыгарат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн