Кыргызстан Россиянын "Спутник V" вакцинасын сатып алуу үчүн дагы 600 миллион сом каражат бөлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, вакцина каражаттын топтолгонуна жараша алынат.
"Бир миллион доза келери күтүлүүдө. Каражаттын түшкөнүнө жараша вакцина сатып алынат. Бир доза Кыргызстан үчүн 9-10 долларга турууда", — деди министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн