Бугу 03, 2024
Убакыт: 15:11
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кыргызстан 110 даана тез жардам унаасын сатып алат

04.10.2021 16:22
884
Кыргызстан 110 даана тез жардам унаасын сатып алат


Жыл аягына чейин 110 "Тез жардам" унаасы сатып алынат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадар Бейшеналиев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.


Анын айтымына караганда, жыл аягына чейин 150 даана "Тез жардам" унаасын сатып алуу пландалууда.


"Учурда "Тез жардам" унаасы өлкө боюнча 95 пайызга камсыздалды. Тоолуу аймактарда эскирген унааларды ордуна жаңыларын алганы жатабыз. Кайсы жерде муктаждык чоң болсо, ошол жерге жеткирип беребиз. Бүгүнкү күндө биз Россиядан 3 миллион доллар грант алып жатабыз. Бул сумманын баарына 110 даана "Тез жардам" унаасын алабыз. Жыл аягына чейин унааларды алып калабыз деп ойлоп жатам. Мындан тышкары Ислам, Евразия банкынын эсебинен "Тез жардам" унаасын сатып алууна алууну пландап жатабыз", - деди министр.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн