Бештин айы 22, 2024
Убакыт: 07:11
USD
86.85
87.35
EUR
90.00
91.00
RUB
0.835
0.880

Кыргызстан 157 өлкө менен биргеликте Газадагы ок атууну токтотууну талап кылды

12.12.2024 11:27
290
Кыргызстан 157 өлкө менен биргеликте Газадагы ок атууну токтотууну талап кылды


БУУнун Башкы ассамблеясы Газа секторунда ок атууну тез арада токтотуп, бардык туткундарды бошотууну талап кылган резолюция кабыл алды. Бул тууралуу БУУнун сайтында айтылат.


Резолюцияны Кыргызстан менен 157 мамлекет колдоого алган. Демилгеге 9 өлкө каршы добуш берди, алардын ичинде Израиль, АКШ, Чехия жана Аргентина бар, мындан тышкары 13 мамлекет добуш берүүдөн карманган.


Алжир, Египет, Катар жана Палестина башында турган бир катар өлкө сунуштаган документ жай тургундарга жана объектилерге кол салууну, элдин жер которууга мажбурланышын жана гуманитардык жардамдын блоктолушун сынга алат.


Буга кошумча Башкы ассамблея Газа секторунун жашоочулары үчүн негизги кызматтар жана гуманитардык жардам жеткиликтүү болушун талап кылган. Документ "палестиналыктарды ачкачылыкка кептөөнүн бардык ыкмасын четке кагат".


Эскерте кетсек, ноябрдын аягында БУУнун Коопсуздук кеңеши Газа секторунда согуш отун токтотуу талабы менен резолюция кабыл алууга аракет кылган. Бирок АКШ вето коюп, бешинчи ирет ага бөгөт койду. Американын өкүлү муну ок атууну токтотуу туткундарды бошотпой турганы менен түшүндүргөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн