Бугу 04, 2024
Убакыт: 21:17
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстан 2-орунда. Бишкек шаарында күрөш боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды

19.06.2023 11:51
1488
Кыргызстан 2-орунда. Бишкек шаарында күрөш боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды


Бишкек шаарында күрөш боюнча Азия чемпионаты (U23) жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, турнирде Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы 2 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медалга ээ болуп, жалпы эсепте 168 упай менен 2-орунду ээледи. 175 упай менен Казакстан 1-орунду, 145 упай менен Индия 3-орунду ээледи.

Белгиленгендей, 23 жашка чейинкилер арасында Кыргызстандан 10 салмак категорияда жалпы 10 балбан күч сынашкан.

Белгилей кетсек, эркин күрөшү боюнча курама команда улук машыктыруучу Руслан Маджинов жана башкы машыктыруучу Ислам Тазабековдун жетекчилиги алдынды мелдешке катышышты.

Эске салсак, 10-18-июнь аралыгында Бишкекте 17 жана 23 жашка чейинки спортчулар арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты өттү.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 17 жана 23 жашка чейинки спортчулар арасында Дүйнө чемпиондугуна тандоо туру болмокчу. 17 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпионаты 31-июлдан 6-августка чейин Стамбулда, ал эми 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө биринчилиги 23-29-октябрда Финляндиянын Тампере шаарында өтөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн