Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 18:52
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстан 2024-жылы Парижде өтүүчү Олимпиадага 100 миллион сом бөлөт

16.10.2023 12:54
1257
Кыргызстан 2024-жылы Парижде өтүүчү Олимпиадага 100 миллион сом бөлөт


Финансы министрлиги 2024-жылы Парижде өтүүчү Олимпиадага 100 миллион сом бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев билдирди.


Бул аздык кылат деп эсептейт депутат Шайлообек Атазов. Ал спортчулардын тамак-ашына күнүнө 109 сом бөлүнөөрүн белгилеп, бул сумманы көбөйтүүнү суранды.


Финансы министрлигинин башчысынын орун басары Жибек Дүйшеева бул маселе боюнча иштер жүрүп жатканын жана келерки жылдын январь айынан тарта жаңы көрсөткүчтөр болоорун билдирди.


Шайлообек Атазов ата мекендик спорт демөөрчүлөрдүн аркасы менен гана өнүгүп жатканын баса белгилеп, 2024-жылкы Олимпиадага катышуучуларды каржылоону 500 миллион сомго чейин көбөйтүү өтүнүчү менен президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн