Бугу 02, 2024
Убакыт: 10:48
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Кыргызстан 2024-жылы тышкы карызды төлөөгө 400 млн доллар жумшайт

08.02.2024 13:50
473
Кыргызстан 2024-жылы тышкы карызды төлөөгө 400 млн доллар жумшайт


Кыргызстан 2024-жылы тышкы карызды төлөөгө 400 млн доллар жумшайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарына иш сапары менен барган учурда билдирди.

Анын айтымында, акыркы 3 жылда өлкөнүн консолидацияланган бюджети 329,2 млрд сомго өстү. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, 2023-жылы профицит 13,5 млрд сомду түзгөн.

"Мындай профицит биздин тарыхыбыздагы эң чоң сумма. Келерки жылы 600 млрд сомдон ашык бюджетке жетишүүнү пландап жатабыз. Бул үчүн мамлекет айына 58 млрд сом, күнүнө 1,9 млрд сом, саатына 80 млн сом киреше алышы керек. Биз тышкы карыз боюнча төлөмдөрдүн туу чокусунда турабыз.

Ири суммалар 2030-жылга чейин төлөнөт: 2023-жылы - 344 млн, 2024-жылы - 400 млн, 2025-жылы - 430 млн, 2026-жылы - 390 млн доллар. Биз баарыбыз "Кыргызстан" деген бир кайыктабыз, андыктан ар бир адамдын эмгеги, салымы керек. Биз бир команда болуп иштешибиз керек", - деди Акылбек Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн