Бугу 13, 2024
Убакыт: 15:12
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Кыргызстан 24 өлкө менен почта байланышын кайра жандандырды

24.06.2020 22:08
787
Кыргызстан 24 өлкө менен почта байланышын кайра жандандырды


Бүгүн, 24-июндан тарта “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы 24 өлкө менен почталык кат алышууларды калыбына келтирди, деп маалымдады Мамлекеттик каттоо кызматы.


Кат кабарлардын катарына салмагы 2 килограммга чейинки бандеролдор, майда баштыктар, баасы аныкталган жана жөнөкөй каттар кирет. Ал эми “М” деген белгиси бар максималдуу салмагы 14,5 килограммга чейинки баштык каптар менен эл аралык кагаздар, китептер жана журналдар жөнөтүлөт.


Мамлекеттик каттоо кызматы кошумчалагандай, COVID-19дун таркалуусунан кооптонгон көптөгөн өлкөлөр эл аралык аба каттамдарын кыйла кыскартышкан же болбосо толук токтотушкан. Ошондуктан эл аралык почталык алмашуулар аптасына бир гана жолу жүргүзүлөт.


Пандемияга байланыштуу эл аралык почталык жөнөтүүлөрдү жеткирүү убактылары кечеңдеп калышы да мүмкүн, деп кошумчаланат маалыматта.


24-июндан тарта почталык байланыш жандандырылган өлкөлөр:


Австрия, Нидерланды, Азербайжан, Болгария, Улуу Британия, Молдова, Венгрия, Польша, Грузия, Өзбекстан, Италия, Россия, Кытай, Украина, Бельгия, Германия, Дания, Финляндия, Испания, Франция, Латвия, Чехия, Литва жана Швейцария.


Коронавируска байланыштуу 18-мартта почта байланышы 40 өлкө, ал эми 27-мартта бардык өлкөлөр менен убактылуу токтотулган болчу

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн