Кыргызстан Американын Ооганстандагы аскерлери тууралуу сунушун четке какты. Бул тууралуу РИА Новости Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине таянып билдирди.
Маалыматка караганда, АКШ Ооганстандагы аскерлерин Кыргызстанга убактылуу жайгаштырып турмакчы. Бирок ТИМ мындай сунушту четке каккан.
Эскерте кетсек, 15-августта Ооганстандагы бийлик талибандарга өткөндөн кийин Европа өлкөлөрү өздөрүнүн жарандарын Тажкистан жана Өзбекстан аркылуу эвакуациялап жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн