Кыргызстан Афганистанга күйүүчү-майлоочу май экспорттоп баштады, деп билдирди Афганистандын «Pajhwok Afghan News» маалымат агенттиги.
Афган трейдерлеринин айтымында, 10 жылдан соң биринчи жолу Кыргызстандан Кундуз провинциясына күйүүчү-майлоочу май импорттолду. Ага байланыштуу май ташыган афгандык соодагерлер бийлик өкүлдөрүнөн имарат бөлүп берүүнү суранып жатышат.
Кундуз провинциясынын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Матин Юсафзай да көп жыл өткөндөн кийин Кыргызстандан күйүүчү-майлоочу май импорттолуп баштаганын тастыктады.
Күйүүчү-майлоочу май Шерхан Бандар порту аркылуу ташылууда.
Булак: "Баракелде"
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн