Учтун айы 17, 2025
Убакыт: 21:13
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.845
0.880

Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүгө ниеттенүүдө

17.01.2025 13:37
36
Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүгө ниеттенүүдө


Аддис-Абеба шаарында тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Африка өлкөлөрүнүн, тактап айтканда, Кения, Ботсвана, Либерия, Мали, Гвинея, Ливия, Мадагаскар, Гвинея-Бисау, Сомали, Эсватини жана региондогу башка мамлекеттердин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, Асеин Исаев дүйнөлүк экономикалык системада жана эл аралык мамилелерде Африканын ролу өсүп жатканын, муну эске алуу менен Кыргызстан Африка континенти менен кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Жогоруда аталган өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушуулардын жүрүшүндө эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, эки тараптуу мамилелерди кеңейтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардын жана БУУнун шайлануучу органдарынын алкагындагы глобалдык демилгелери талкууланды.

Мындан тышкары, Асеин Исаев Эфиопиянын Аддис-Абеба шаарындагы Африка биримдигинин штаб-квартирасында Африка биримдиги комиссиясынын өнөктөштүк жана ресурстарды мобилизациялоо департаментинин башчысы Стив Патрик Лаленде менен жолугушту.

Африка биримдиги деп аталган уюм биримдикти чыңдоо жана жалпы позицияларды илгерилетүү, өлкөлөр ортосундагы саясий, социалдык-экономикалык жана маданий байланыштарды кеңейтүү максатын көздөгөн бардык 54 африкалык мамлекеттердин бирикмеси.

Тараптар Кыргызстан менен Африка биримдигинин ортосундагы мындан аркы кызматташуу жана өнөктөштүктү бекемдөө маселесин талкуулашты. Африка Биримдиги Комиссиясы Кыргызстан жана жалпысынан Борбор Азия өлкөлөрү менен тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирди. Ошондой эле жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу маселеси жана Кыргызстандын уюмда байкоочу мамлекет болуу мүмкүнчүлүгү кеңири талкууланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн