Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 06:35
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Өмүрбек Үмөталиев, Кыргызстан Аксакалдар Кеңешинин төрагасы: Сооронбай Жээнбеков элдин ден соолугуна кам көрүп, таза суу менен камсыз кылды

16.11.2020 11:37
761
Өмүрбек Үмөталиев, Кыргызстан Аксакалдар Кеңешинин төрагасы: Сооронбай Жээнбеков элдин ден соолугуна кам көрүп, таза суу менен камсыз кылды


Бүгүн экс-президент Сооронбай Жээнбеков 62 жашка чыкты. Буга байланыштуу социалдык тармактарда жана коомдо мурдагы президенттин туулган күнү менен куттуктагандар көп болууда. Мына ушундан улам биз Кыргызстан Аксакалдар Кеңешинин төрагасы Өмүрбек Үмөталиев менен маек курдук.


- Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 3 жыл президент болуп турду. Президенттик мөөнөтүндө эл үчүн кандай кызматтарды аткара алды деп ойлойсуз?


- Мен Сооронбай Жээнбековду жаш кезинен баштап билип, иштешип келем. Ал депутат, айыл-чарба министри губернатор болду. Жээнбеков деги эле мамлекеттик кызматтардын бардык тепкичин басып мугалимдиктен президентке чейин кандай кызмат болсо баарын жон тери менен сезип өттү. 


Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөсү өтө үлгүлүү үй-бүлө. Кыргызстандын ар бир үй-бүлөсүнө үлгү боло алат. Буларды тарбиялаган Шарип атадан Алла ыраазы болсун. Ал киши мыкты балдарды президент же депутат кылган жок. Шарип атанын берген жогорку тарбиясы балдарын эл уулу кылып, аброюн көтөрдү. 


Жараткан ар бир адамга жеңил жана оор сыноо берет. Кандай сыноолор болбосун Сооробай Жээнбеков өзүнүн мыкты тарбиясы жана адамгерчиликтүү, сабырдуулук сапаты менен сыноолорго сынбай келди. 


- Сооронбай Жээнбеков президент катары жүргүзгөн саясатында артыкчылыгы кайсы болду?


- Тышкы- ички жана албетте таза суу программасы мыкты болду. Былтыр билесиздер ШКУнун мүчөлөрүн кандай жогорку деңгээлде тосуп алды. Мурда ШКУга мүчө болгон мамлекеттердин президенттери жыйынга катышып эле кетип калчу эле. Жээнбеков аларды бир сутка карап кыргыздын маданиятын мейман-достук сапатын көрсөтө алды. Ошол президенттердин бир сутка Кыргызстанда калышы жеке Сооронбай Шариповичтин аброюнан да көз каранды. 


Сооронбай Жээнбеков президент болордон мурда берген убадасы Кыргызстандын бардык аймагын таза суу менен камсыз кылуу эле. Бүгүнкү күндө көчө агып жаткан арыктан суу ичкен айылдар бар экен. Азыркы доордо бул болушу керек эмес. Сооронбай Жээнбеков айыл-чарбасын мыкты түшүнгөн адам катары ушул долбоорду ишке ашырып жаткан. Анткени таза суу бул - ден соолук. Калктын ден соолугун ойлоп ушул долбоорду колго алган эле. Мурдагы президенттер бул тууралуу ойлоп да койгон эмес. 


- "Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт"  дегендей Сооронбай Шариповичтин кемчилиги эмнеде болду?


- Мен Жээнбековдун кемчилигин деле айта албайм. Анткени бул баарыбыздын кемчилик болчу. Партиялык система менен депутат болуп келген эл өкүлдөрү такыр сапатсыз, билимсиз болуп иштей албагандыктан Сооронбай Шарипович депутаттар аткара турган иштерди да өз мойнуна алып иштеп жүрдү.  Партиялык система өз ишин аткара албагандыгы ал кишинин ишине өтө чоң тоскоол болуп, көлөкө түшүрдү. 


Мындан сырткары кадр саясаты аксак болду. Союз убагында  комсмол болчу элек, анан партияга өтүп, кадр кылып даярдачу. Азыр дароо эле министр кылса ал иштей алмак беле? Ошондуктан бул тармакты да реформалаш керек. 


Мен убакыттан пайдаланып Сооронбай Шариповичти туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ал кишиге Кудайым ден-соолук, үй-бүлөсүнө тынчтык берсин, өмүрү узун болсун. Дайыма үлгүлүү үй-бүлө болуп жүрө берсин. Элибизде дайым тынчылык болсун.  

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Талай Т.
Эмне үчүн комментарийдин сөздөрүн өчүрүп өзгөртүп жатасыңар?.. Уят,жаман сөгүнгөн, бирөөнү кемсинткен сөздөр болбосо деле. Бул эмне кылганыңар? Жооп бергилечи.
Талай Т.
Баардыгын Өмүрбек Үмөталиев аксакалыбыз айтып салбадыбы, алымча - кошумча жок. Эң туура - ????%.???? Кудайым, Экс - Президентибизге үй - бүлөөсү менен бакубат жашоо берсин! Элибиз аман, Жерибизде тынчтык болсун!!! Оомиийинь. ????????
Таа
Таза суусуз толтура айылдар калды.Таза емес шайлоо откоруп ушул ахвалга апкелди олкону.Олум болду.Абийирим таза дейт.Уялбай ексти алып кете берди.