Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстан Араван - Ак-Буура каналын реконструкциялоого 14 млн евро карыз алат

19.04.2023 10:49
281
Кыргызстан Араван - Ак-Буура каналын реконструкциялоого 14 млн евро карыз алат


Жогорку Кеңештин жыйынында “2022-жылдын 8-июлунда Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “КРде климатка туруктуу суу менен камсыздоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “ КРде климатка туруктуу суу менен камсыздоо” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.


Белгилей кетсек, аталган макулдашуу Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорундагы Араван- Ак-Буура каналын модернизациялоого жана реконструкциялоого багытталган.


Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында 21 миң гектарга жакын жер аянтын суу менен камсыздоо жакшыртылат. Тагыраагы, мерчемделген планды ишке ашыруу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан жалпы суммасы 17 870 000 евро бөлүнүп берилет, анын ичинен кредиттик келишимге ылайык – 14 130 000 евро, гранттык макулдашууга ылайык – 3 740 000 евро каралган.


Кредиттик каражаттар 15 жылга, төрт жылдык жеңилдетилген мөөнөттө, өзгөрүлмө пайыздык чен менен алынат.


Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, үчүнчү окууда кабыл алынды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн