Бугу 13, 2024
Убакыт: 13:28
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Кыргызстан Азия чемпионатынан 10 медаль утту

24.02.2020 10:00
691
Кыргызстан Азия чемпионатынан 10 медаль утту

Кыргызстандык балбан Улукбек Жолдошбеков Индияда өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту. Улукбек 23-февралда килем үстүнө чыгып, 61 килограмм салмактагы балбандар арасында күч сынашкан. 1/8 финалда Казакстандын балбаны Нурболат Абдулаевди 4:1 эсебинде жеңсе, 1/4 финалда Ирандык Мажид Алмас Дастанды 4:2 эсебинде уткан. Ал эми жарым финалда Индиянын балбаны Рахул Баласехабдын ийнин жерге тийгизсе, финалда болсо тажик атлети Мухамад Икрамовду башынан ашыра чапты.


18-23-февралда Индияда өткөн күрөш боюнча Азия чемпионаты Кыргызстандын курама командасы үчүн ийгиликтүү болуп, жалпысынан 10 медаль өлкө капчыгына түштү. Биздин балдардар грек-рим күрөшү боюнча 2 күмүш, үч коло, эркин күрөш боюнча 2 алтын, 1 коло, ал эми аялдар командасы күмүш жана коло медалды камсыз кылды. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн