Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 03:18
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан 50 млн доллар алууну пландап жатат

30.11.2022 14:22
284
Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан 50 млн доллар алууну пландап жатат

Кыргызстан сырттан электр энергиясын сатып алуу үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар алып жатат.


Аталган келишимдин долбоору парламентте биринчи окууда каралды. Финансы министринин орун басары Руслан Татиков каражаттын 25 миллиону грант, калганы кредит экенин айтты. Насыя 24 жылга 1,5 пайыздык коюм менен алынат, анын сегиз жылы жеңилдетилген мезгил (бул учурда 1 пайыздык коюм).

Энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков каражаттын баары электр кубатынын импортун төлөөгө жумшаларын айтты.

Эл өкүлү Алишер Козуев карызды кайра карыз менен жаппай, каражатты ички каржы булактардан кароону сунуштады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн