Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:35
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстан Беларустан электр энергиясын импорттоо ниетинде

23.08.2023 16:10
271
Кыргызстан Беларустан электр энергиясын импорттоо ниетинде


Кыргызстан Беларустан электр энергиясын импорттоо маселесин карап жатат. Бул тууралуу КМШнын энергетикалык кеңешинин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди, деп маалымдайт "МИР 24" телеканалы.


Министр белгилегендей, Беларус жакында атомдук электр станциясынын экинчи блогун ишке киргизет. Аларда электр энергиясы ашыкча.


"Алар электр энергиясын башка өлкөлөргө, бизге, Казакстанга жана Өзбекстанга кантип ташыса болорун сүйлөшөбүз", - деди Таалайбек Ибраев.


Орусиянын энергетика министри Николай Шульгинов Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн энергетикалык системалары бири-бири менен тыгыз байланышта экенин, алардын айрымдары синхрондуу иштеп, өзгөчө кырдаалдарда бири-бирине жардам берип жатканын белгиледи.


«Биз бүгүн талкуулоону пландаштырып жаткан маселелер бүгүнкү жолугушууга катышкан бардык өлкөлөрдүн энергетикалык саясатын калыптандырууда пайдалуу болот деп ишенем», - деп жыйынтыктады ал.


Бүгүнкү күндө Кыргызстан электр энергиясын Түркмөнстан, Орусия жана Казакстандан импорттойт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн