Бугу 13, 2024
Убакыт: 21:03
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Кыргызстан Бириккен Араб Эмиратын «Үмүт» зондунун Марс планетасына ийгиликтүү учуусу менен куттуктады

28.07.2020 16:13
963
Кыргызстан Бириккен Араб Эмиратын «Үмүт» зондунун Марс планетасына ийгиликтүү учуусу менен куттуктады


Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу министри шейх Абдалла бин Заед Аль Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.


Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, маектешүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары коронавирустук инфекцияга байланышкан эпидемиологиялык кырдаалга каршы аракеттенүү боюнча бирдиктүү колдоолор жана чаралар маселелерине өзгөчө көңүл бөлүү менен, эки тараптуу кызматташуунун абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.


КР ТИМ башчысы COVID-19 менен күрөшүүдө кыргыз тарапка гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн эмират тарабына ыраазычылыгын билдирди жана Кыргызстан менен гуманитардык кызматташууну улантуу боюнча БАЭ Өкмөтүнүн ниетин кубаттады.


Ошондой эле Ч.Айдарбеков кесиптешин БАЭнин жана бүтүндөй араб дүйнөсүнүн прецедентсиз жетишкендиги - «Үмүт» («Надежда) зондунун Марс планетасына ийгиликтүү учуусу менен куттуктады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн