Бугу 16, 2024
Убакыт: 05:22
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Кыргызстан «Борбордук Азия + АКШ» кызматташтык жолугушуусуна катышты

01.07.2020 10:54
1270
Кыргызстан «Борбордук Азия + АКШ» кызматташтык жолугушуусуна катышты


 

Кечээ, 30-июнда кечинде тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков «Борбордук Азия + АКШ» (С5+1) кызматташтык форматындагы жогорку деңгээлдеги онлайн жолугушууга катышты. Бул тууралуу Министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушууга Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери жана АКШнын Мамлекеттик катчысы катышты.

Жолугушуунун катышуучулары Афганистандагы экономикалык туруктуулукту жана тынчтыкты орнотууну камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кызматташтык маселелерин талкуулашты.


Ч.Айдарбеков күн тартибине ылайык, Кыргызстандын улуттук приоритеттери тууралуу айтты жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бири бири менен, ошондой эле АКШ менен мамилелерде соода-экономикалык чөйрөдө практикалык кызматташуусун күчөтүүнү сунуш кылды. 


Региондун экономикалык туруктуулугун бекемдөөдө жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн өзгөчө ролу белгиленди, буга байланыштуу Кыргызстандын салмактуу гидроэнергетикалык дарамети бар экендиги айтылды.

Ч.Айдарбеков региондун транзиттик дараметин өнүктүрүүгө көңүл бурду. Эл аралык автомобиль жана темир жолдорун кеңейтүүнүн, логистикалык борборлордун жана транспорттук терминалдардын, ошондой эле үзгүлтүксүз эл аралык транзитти камсыздоо үчүн инфратүзүмдү модернизациялоонун приоритеттүүлүгүн баса белгиледи. Борбордук Азия регионун дүйнөлүк базарлар менен байланыштыра турган транспорттук-коммуникациялык сектордогу ири инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

 
«С5+1» форматындагы өлкөлөрдүн делегациялары Кыргызстанда өтүүсү пландалган экономикалык багыттагы бир катар эл аралык иш-чараларга катышууга чакырылды.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн