Кыргызстан коронавирустан коргогон 1 миллион 200 миң доза вакцина алууга билдирме берди. Ал COVAX демилгесинин алкагында ишке ашарын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жактырылган вакцинаны алгандан кийин өлкө калкынын 20 пайыздан ашыгын эмдөөгө болот", — деп айтылат билдирмеде.
Ошондой эле, вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева медициналык мекемелердеги коопсуздукту камсыздоону, анын ичинде жабдуулардын техникалык абалын текшерүү ишин күчтөндүрүүнү тапшырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн