Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 13:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстан COVID-19'га каршы күрөшүү үчүн USAIDден 31 млн долларга меджабдуу алат

28.04.2022 12:35
464
Кыргызстан COVID-19'га каршы күрөшүү үчүн USAIDден 31 млн долларга меджабдуу алат

Кыргызстан USAIDден COVID-19га каршы күрөшүүгө колдоо иретинде 31 миллион сомго медициналык жабдууларды алат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасына COVID-19га каршы күрөшүүгө колдоо иретинде кошумча лабораториялык, сервердик жана диагностикалык жабдууларды берип жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектургановдун катышуусунда өткөн расмий тапшыруу аземинде белгилүү болду.


Баасы 31 миллион сомдук жабдуулар USAIDдин пандемияга каршы күрөшүү чараларын колдоосунун алкагында бүткүл өлкө боюнча мекемелер арасында бөлүштүрүлөт. 


Буга чейин USAID КР ССМ Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине GeneXpert заманбап диагностикалык жабдуусун берген, ал COVID-19ду тестирлөө убактысын 5 сааттан 40 мүнөткө чейин кыскартат. Бул технология COVID-19ду гана эмес, кургак учук сыяктуу башка дагы инфекцияларды так аныктоого шарт түзөт.


Мындан тышкары Департамент видеоконференц-байланыш системасын жана компьютерлерди алды, бул өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды кыйла натыйжалуу көзөмөлдөөнү шарттайт.⠀


«Пандемия өлкө COVID-19 оорусунун кескин өсүшүнө даяр болушу керектигин көрсөттү. Коронавирустун жаңы штаммдары пайда болууда, ошондуктан ооруканаларды жана башка медициналык мекемелерди жабдуудагы USAID жардамы өтө маанилүү», — деди КР саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов.


Чүй облустук ооруканасы, Улуттук госпиталь жана Ош шаардык клиникалык ооруканасы дагы ар түрдүү жабдууларды, анын ичинде көчмө рентгент-жабдуу, видеобронхоскоп, дезинфекциолык камераларды жана сынамдарды ташуу үчүн контейнерлерди алышат.


Жардам USAIDдин саламаттыкты сактоо тутумунун туруктуулугун бекемдөө боюнча программасынын алкагында көрсөтүлүүдө. Пандемия башталганы Кыргыз Республикасында ага каршы күрөшүүгө USAID 7 миллион АКШ долларын бөлгөн.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн