Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 01:19
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстан Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнө тышкы карызды "жашыл" жана "климаттык" демилгелерге айландырууну сунуштады

12.04.2023 13:22
427
Кыргызстан Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнө тышкы карызды "жашыл" жана "климаттык" демилгелерге айландырууну сунуштады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнө тышкы карызды "жашыл" жана "климаттык" демилгелерге айландыруу механизмин иштеп чыгууну сунуштады.


Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банк тобунун Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен жолукту.


Тараптардын жолугушуусу Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун Жазгы жолугушууларынын алкагында Вашингтон шаарында (Америка Кошмо Штаттары) өткөн.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар энергетика, адам ресурстары, ичүүчү суу менен камсыз кылуу, ирригация сыяктуу өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулашты жана 2027-жылга чейин Дүйнөлүк банк менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташуунун негизги багыттары боюнча бирдиктүү пикирге келишти.


Акылбек Жапаров белгилегендей, Кыргызстан ар кандай тышкы таасирлерге карабастан, экономикалык өсүүнү сактап кала алды жана масштабдуу өнүгүүнүн милдеттерин чече алды.


“Биз кызматташуунун жаңы деңгээлине даярбыз, ири долбоорлорго өтүүгө убакыт келди”, - деди министрлер кабинетинин төрагасы.


Өз кезегинде Антонелла Бассани Дүйнөлүк банктын ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация системасын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Жол картасын жана каржылык планын иштеп чыгууда колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди ошондой эле, жакын арада Кыргыз Республикасында өтө турган Суу форумуна катышуу пландарына токтолду.


Жолугушуунун соңунда Дүйнөлүк банктын вице-президенти "жашыл" демилгелер боюнча киргизилген сунуштун маанилүүлүгүн жана масштабын белгилеп, аны кылдаттык менен изилдөөгө даяр экендигин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн