Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 17:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында өткөрүү пункттарын жайгаштыруу боюнча өз милдеттенмелерин толук аткарды

28.03.2024 13:17
196
Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында өткөрүү пункттарын жайгаштыруу боюнча өз милдеттенмелерин толук аткарды


Кыргызстан ЕАЭБге кирүүнүн алкагында бардык 14 өткөрүү пунктун жайгаштыруу жана жабдуу боюнча өз милдеттенмелерин аткарды.

Ведомстводон билдиришкендей, юажы инфраструктурасынын элементтерин жайгаштыруу жана материалдык жактан жабдуу боюнча чараларды Кыргызстан ЕАЭБдин тышкы чек арасында өткөрүүсү зарыл болгон.

26-марттан 27-мартка чейинки мезгилде Евразия экономикалык комиссиясынын эксперттери жана ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан «Кызыл-Бел» автоунаа өткөрүү пунктунун бажы инфраструктурасынын элементтеринин жайгаштырылышына жана материалдык-техникалык жактан жабдылышына мониторинг жүргүзүлдү.

Мониторинг Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө келишимге кошулуусуна байланыштуу өзүнө алган милдеттенмелердин алкагында жүргүзүлдү.

Комиссиянын мүчөлөрү ошондой эле бажы контролунун техникалык каражаттарын эксплуатациялоонун негиздери боюнча окутуудан өткөн Кыргызстандын бажы кызматынын кызматкерлеринин даярдыгына жогору баа беришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн