Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 20:15
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Кыргызстан Египетте өткөн эл аралык мелдеште 3-орунду ээледи

25.02.2023 16:53
284
Кыргызстан Египетте өткөн эл аралык мелдеште 3-орунду ээледи

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде жалпы командалык көрсөткүчтө 3-орунга илинди. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.


Жалпы командалык көрсөткүчтө биринчи орунга Грузия, экинчиге Казакстандын курамасы жайгашты. Кыргызстан 161 упай менен үчүнчү орунда турат.


Аталган эл аралык мелдеште грек-рим күрөшү боюнча Акылбек Талантбеков (82 кг) күмүш, Сыймык Махмудов (63 кг) жана Раззак Бейшекеев (67кг) коло медаль уткан.


Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн